Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды, – видео

Бишкекте күжүрмөн ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери өзүндө ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат алышкан.

Маалыматты тыкыр иштеп чыгуунун натыйжасында мурда соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусунун изине түшүшкөн. Бир нече божомолдор болгон, анын ичинде курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бардыгы, куралдар уурдалганды жана колго кайрадан жасалгандыгы боюнча да маалыматтар иштелип чыккан.

Андан сырткары, шектүүдө ок атуучу куралдын болушу коомго олуттуу зыян келтириши, жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон. 2023-жылдын 11-мартында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Биринчи май РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери мурда каракчылык үчүн соттолгон Бишкек шаарынын жашоочусу 1991-жылы туулган М.И. кармашкан. Шектүүнүн жашаган жерине кечиктирилгис тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү тапанча эки магазини жана 44 огу табылган.

Азыркы учурда табылып алынган ок атуучу курал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын жогорудагыдай кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Иликтөө иштери уланууда.

YouTube video