Комитеттин жыйынында Сурабалдиева менен Амангелдиев кайым айтышты

Бүгүн, 13-мартта Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ККМди колдонбогондорго салыктын айып акысын төмөндөтүү сунушу ага таандык экенин билдирди.

Буга экономика министри Данияр Амангелдиев бул сунуш Министрлер кабинетинин баштапкы программасында эле бар экенин айткан. Депутат буга макул эместигин айтып, мындай нерсе программада бар болсо, ал сунуш бермек эместигин билдирди. “Мага көрсөтүңүзчү, кайсы жерде бар экенин. Башында эле жок болчу, алдабаңыз”, – деди депутат. Амангелдиев өз учурунда эч кимди алдабаганын айтып, стенограмманы көтөрүүнү сунуштады.

Буга Данияр Төлөнов министрге эмоцияга алдырбай, бири-бирин сыйлоого чакырды. Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Амангелдиев ККМди (Контролдук Кассалык Машина) ЭТТНге (Электрондук товардык-транспорттук накладной) алмаштырып алгандыгын айтты.