“Сени ким айтат депутат деп?”: Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбук колдонуучусун ашатып сөккөн

Социалдык тармактарда ЖКнын депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун Фейсбук колдонуучусун ашатып сөккөн скриншот тарап жатат.

Бактыгүл Байдиева аттуу колдонуучу акыркы депутаттын мушташы боюнча пост жазган. Анда ал депутаттарды сынга алып: “депутаттар бир бошонгон окшойт. Бири мушташып, бири отурган жеринен жайлап. Хай урушкула сволуштар”, – деп жазган ал. Буга эл өкүлү Бактыгүл Байдиеваны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

Дагы бир колдонууучу Бакыт Будайчиев: “сени ким айтат эл өкүлү деп” деген суроо салган.

Кийин Коргонбай уулу жазган комментарийин өчүрүп салган.

cccb4078 5f2b 4b2f 8413 c13062d27db0 "Сени ким айтат депутат деп?": Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбук колдонуучусун ашатып сөккөн

Белгилей кетсек, Бишкекте ресторандардын биринде мушташ болгондугу тууралуу видео социалдык тармакта тараган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштерин баштады. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташка катышкандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров бар.