Муфтият: Орозо айы 23-мартта башталат

Кыргызстанда быйыл ыйык Орозо айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомду Аалымдар кеңеши кабыл алган. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.