Быйыл ажылык сапарга баруунун акысы бир адамга 3900 долларды түзөт

2023-жылы ажылык сапарга баруунун акысы бир адамга 3900 долларды түзөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

«Ажыга барууга 1000 долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-апрелден 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) «РСК Банктын» иштөө убактысы  бүткөнгө чейин калган 2900 долларды төлөшү керек», — деп билдирет муфтият.

Толугураак маалыматты муфтияттын сайтынан алууга болот.