Муфтият: «Муфтий күнүнө 150 миң сом акчаны кантип тапса болорун айтты»  деген маалымат жалган

«Кыргызстандын муфтийи күнүнө 150 миң сомдон кантип тапса болорун айтып берди» деген видео — фейк. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Кудайдан коркпогон кара ниет адамдардын ыйык орозо айында фейк маалымат таратканы таң калычтуу. Жарандарыбыз жалган маалыматка алданып, дезинформациянын курмандыгы болуп калбасын деген тилекте атайын ушул билдирүү таратууну туура көрдүк. Ар кандай маалыматтарга эле ишене бербей, интернет мейкиндигиндеги маалыматтарга акыл калчап, сын көз караш менен карап, медиасабаттуу болууга чакырабыз. Ал эми карасанатайлык менен жалган маалымат тараткан жаран, Кудайдан коркуңуз! Азыркы технология өнүккөн шартта фейк аккаунтту бат эле табууга болот. Кудай алдында да, мыйзам алдында да жооп бермек бар», — деп айтылат маалыматта.