Абоненттен электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн пара талап кылган кассир-текшерүүчү кармалды

Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997-жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районунун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

 Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023-жылдын 25-мартында Т.А.А. 18 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

 “КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49(03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт”,- деп айтылат билдирүүдө.