Мурда соттолгон жаран тургундун банктык картасындагы акчасын бузуу жолу менен которуп алган

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн банктык картасынан 42800сом акчасын которуп алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту (Уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районунун мурда эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы Ө.Ч. Алай районунан аныкталып, 25-март күнү кармалып келди”,
– деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.