Борбор калаада 1,5 миң адамга ооз ачар баштыкчалар таратылат

Бишкекте, 7-апрелде «Биз менен ооз ачыңыз!» аттуу акция өткөрүлүп, 1,5 миң адамга ооз ачар баштыкчалар таратылат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Иш-чара «Ынтымак» сейил багындагы амфитеатрда өтүп, саат 18:00до башталат. Ага аалымдар, карылар, манасчылар жана комузчулар катышат.

«Ыйык айдын ыйык күнүндө биз менен ооз ачып кетиңиздер», — деп билдирет муфтият.