Президенттик Администрациянын штаттык саны кыскарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, ыкчамдуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында мындай чечим кабыл алынган.

“Чечимге ылайык, Президенттин Администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскарып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү”, – деди Султанбаев.