Султанбаев сөз эркиндигинин абалы тууралуу: “ким каалаганын сүйлөп жатпайбы, эч кандай тыюу жок”

“Кабар” маалымат агенттигинде берген маегинде Эрбол Султанбаев төмөнкүлөргө токтолду:

-Сөз эркиндиги боюнча эч кандай тыюу жок. Ким каалаганын сүйлөп жатпайбы. Митинг өтө турган жер Горький сквери бар. Ким кайсыл убакта кааласа, ошол жерге митинг уюштурат, каалаган сөзүн эркин сүйлөйт. Аларды журналисттер, блогерлер чагылдырып, таратып жатышат. Социалдык тармактардан түз эфир кылып, ар ким каалаганын сүйлөп жатат. Сөз эркиндигине эч кандай кысым жок бизде, – дейт Султанбаев.

Акыйкатчыга эле ошондой сезилип атса керек. Себеби Акыйкатчы “өлкөнү дестабилизация кылабыз” деп камалгандарды эле коргоп, карапайым элди коргогонун байкаган деле жокпуз. Өлкөгө бүлүк салам дегендер же адамды ак жеринен каралагандар жооп бериш керек да. Бирөөнү жөнү жок эле каралап коюп, анан ал сотко берсе же үстүнөн арыз жазса эле “мага кысым болуп жатат” деген туура эмес да. Биринчи бирөөнү каралаардан мурда так маалыматтарды чогултуп алышың керек. Сотко берсе да сенин колуңда айныгыс далилдер турушу керек. Сенин айткандарың далилдүү болуп турса, анан ага карабай сени жоопко тартып жатса, анда “сөз эркидигин кысымга алып атат” деп айтсаң болот.

 Эске салсак, жакында эле Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова жергиликтүү басылмалардын бирине Кыргызстандагы адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин билдирген.