АКШнын Монтана штатында көк бөрү оюндарын өткөрүү пландалууда

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, 19-апрелде маданият министри Алтынбек Максутов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушкан. Анда эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланган.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө этномаданий жана этноспорт тармагындагы кызматташуу, Кыргызстан менен АКШнын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, келерки жылы АКШнын Монтана штатында өтө турчу көк бөрү оюнун уюштуруу долбоору талкууланган.