2-апрель — Эл аралык жаш жеткинчектердин китеп күнү

2-апрель — Эл аралык жаш жеткинчектердин китеп күнүн утурлай, Bulak.kg редакциясына келген Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Бейшеакмат Урмамбетовдун «Кызыл — Үйдөн» аттуу чыгармасын окурмандарга сунуштайбыз:

«Кызыл — Үйдөн»
Көңүлдүн очогунда алоолонуп,
Шериктеш өчпөс — өмүр шамы күйгөн,
Эң кымбат берекени
колуңуздан,
Сүйүктүү окурманмын алып жүргөн.

Энелик мээрим сунуп китеп менен,
Жагымдуу көз караган бала сүйгөн,
Мен сизге алгач ирет жолукканда,
Билимдин оту күйгөн «Кызыл — Үйдөн»!

Термелсе катар өскөн көк теректер,
Үмүтүм кол булгалап көздөрүмдөн,
Айланам гүл жыттанып жашыл тартып,
Таанылбай эркин жашоом өзгөрүлгөн.

Текчеде табышмактуу сыр жашырып,
Тизилген китептерде менин дүйнөм
Мен сизге ошол себеп көп жолугам,
Билимдин оту күйгөн «Кызыл — Үйдөн «!

Күн нуру чачыраган толкундардан,
Берметтелген мекенимдин жүзүн бөлгөм
Жаз жамгыры шатырап нөшөр төгүп,
Көгүлтүр касиеттүү «Көлдү» — көргөм.

Жараткандан эртели — кеч ыйман тилеп,
Энемди элестеткем уулун күткөн,
Сиз мени китеп берип узатканда,
Билимдин оту күйгөн «Кызыл- Үйдөн»!

Ай нуру чагылышкан агын суудан,
Мончоктолгон кусалыктын изин бөлгөм,
Күз жамгыры нөшөрлөп мөндүр төгүп
Ай — ааламга үйдөн кеткен жолду көргөм.

Жараткандан эртели — кеч өмүр тилеп,
Атамды элестеткем уулун күткөм,
Жан азыгы китеп сыры ачылганда,
Билимдин оту күйгөн «Кызыл- Үйдөн»!

Текчеде табышмактуу сыр жашырып,
Тизилген китептерде менин дүйнөм,
Мен сизге ошол себеп көп жолугам,
Билимдин оту күйгөн «Кызыл- Үйдөн»!

Бейшеакмат Урмамбетов