31 миллион сомго китепкана куруу үчүн тендер жарыяланды

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Ысык-Көлдүн Каракол шаарына китепкана курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, пландалган сумма 31 миллион 18 миң 102 сомду түзөт. Тендерге катышуу үчүн билдирмени берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-ноябрга чейин.

Китепкананы куруу 2022-жылдын 1-августуна чейин жүргүзүлүшү керек.