Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет

“Альянс” саясий партиясынын талапкери Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөрүнө ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-ноябрда Нарын облусуна болгон сапарында айтты.
Чынар Капарова Жумгал районунун эли менен жолугушуп, партиянын программасы жана өзүнүн иш-максаттары жөнүндө айтып берди.
“Президент таза шайлоо өтөт деп кепилдик берди, мен ошого ишенип мыкты, күчтүү команда менен шайлоого аттандым. Кесибим агартуу тармагына байланыштуу болгондуктан, билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракет кылабыз. Билимдүү коомго муктаж болуп турганда мындай аракеттер колдоого алынышы зарыл”, – деди талапкер.
Чынар Капарова партиянын программасында камтылган билим берүү тармагындагы орчундуу маселелерди айтып, команда шайланып келе турган болсо иш жүзүнө ашарын кошумчалады.
 
АЛЬЯНС – 3  – БИР КҮЧ!
Чынар Капарова – 16

photo1636801896 4 Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет
photo1636801896 Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет
photo1636801896 2 Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет
photo1636801896 3 Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет
image 2 23 Чынар Капарова бул жолку шайлоо таза өтөт деп ишенет

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.