Кайра шайлоонун үгүт иштери башталды

Бүгүн, 7-февралда кайра шайлоонун үгүт иштери башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн.

Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди.

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды.

Белгилей кетсек, аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.