Чүйдө “Уурулук” аталышындагы рейд жүргүзүлдү

Чүй районунун милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлдү
Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Уурулук” аталышындагы рейд учурунда алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 07 at 08.04.14 Чүйдө “Уурулук” аталышындагы рейд жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралдан 4-февралга чейинки өткөрүлгөн иш-чарада уурулук кылмыштарды болтурбоо жана кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштер аткарылды.
Анда Чүй районунун ИИБдүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен айыл жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүшүп, өз мүлктөрүнө жана малдарына сак болуп тынымсыз көзөмөл кылуу керектиги айтылды.

Андан сырткары темир-тезек жана башка металлдарды сатып алган жайлар текшерилди.

WhatsApp Image 2022 02 07 at 08.04.14 1 Чүйдө “Уурулук” аталышындагы рейд жүргүзүлдү


Жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуу учурунда, жарандар тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, андан сырткары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.