Бишкекте «Көңүл бургула, балдар!» аттуу бир айлык рейд болот

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын жетекчилиги жана бригадирлери менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Алдыда жаңы окуу жылы башталарына саналуу күндөр калды, бул күндөрү мектеп босогосун аттаган жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу бир гана ата-эненин түйшүгү эмес, баардыгыбыздын көңүлүбүздү бураарын түшүндүрүштү.


“Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулары арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тууралуу мекемелердин жетекчилерине тапшырышты.
Бүгүнкү күндөн баштап жүргүнчүлөрдү бир гана аялдамадан салып, түшүрүү жана окуучу балдарды көчөдө калтырбоо тууралуу, балдардын коопсуздугуна терең көңүл буруу тууралуу талаптарды коюшту.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарында «Көңүл бургула, балдар» аталыштагы бир айлык рейддик иш-чара уюштуруп, мектеп алдыларында кайгуул посторун жайгаштырып, ата-энелер жана окуучулар арасында жол эрежесинин коопсуздугун алдын алуу иштерин жүргүзүшөт”, – деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна кайдыгер караган айдоочуларга тийиштүү айыптар салынаарын эскертет.

510c8330 0380 4770 9588 56a1c434545f Бишкекте «Көңүл бургула, балдар!» аттуу бир айлык рейд болот