Таласта “Тилемчилик” аталышындагы рейддик иш-чарасы жүрүүдө

Бул туурасында Талас ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик администрация өкүлдөрүнүн социалдык кызматкерлери, аймактык билим берүү жана үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо өкүлдөрү менен биргеликте шаар, район, айыл аймактарында “Тилемчилик” аталышындагы рейддик иш-чарада. Иш-чаранын максаты ар кандай кырсыктарды, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында зордук-зомбулукту болтурбоо болуп саналат. Ошондой эле калктын аярлуу катмарына социалдык жардам берүү, аларды зомбулуктан сактоо багытында иш алынып барылууда.

85300b85 0561 4ff1 9ee6 2622bb563f2e Таласта "Тилемчилик" аталышындагы рейддик иш-чарасы жүрүүдө


Ата-энелери чет өлкөгө чыгып кеткен жарандардын балдарын көзөмөлдөө иштери жүргүзүлдү. Соода-сатык дүкөндөр жана ошондой эле курулуш обьектилери текшерилди. Кайыр-садага сурап, базарларда, көчөдө, эл көп топтолгон жерлерде тилемчилик кылып коомдук тартипти бузган адамдардын өздүгү текшерилди. Ишкерлерге, жарандарга, жолдо айдоочуларга жолтоо болбошу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Башка улуттун адамдар ар кандай тилемчилик менен алектенип, кайрымдуулук кылууну суранып тургандар текшерүүгө алынды. Азыркы учурда областын бардык милиция бөлүмдөрүнө жана аймактарда “Тилемчилик” рейд уланууда. Рейд учурунда Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында 12 жаран, 6 өспүрүм текшерилди. Ал эми Талас ШИИБи тарабынан 16 жаран, 12 жаш өспүрүм балдардын өздүгү такталып, текшерилди”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

6bd1227b 234e 46bd 90cf df9a2ab3e014 Таласта "Тилемчилик" аталышындагы рейддик иш-чарасы жүрүүдө
9dac8b07 1c1d 415f 87f2 79292849a1d0 Таласта "Тилемчилик" аталышындагы рейддик иш-чарасы жүрүүдө