ИИМде милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталды

Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамындагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.