Кыздар телефон үчүн 22 жаштагы кызды сабашкан

Бүгүн, 17-август күнү социалдык тармактарда видео тасма жарыяланып, анда топ кыздар көлдүн жээгинен эки кызды сабап жаткандыгын көрүүгө болот.

Аталган окуя, 3-июль күнү Бостери айылында орун алган «Золотые Пески» эс алуу жайынын пляжында орун алган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Окуя боюнча Ысык-Көл РИИБне арыз менен Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылып, күч колдолнуп «Айфон-11 ПРО» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышып, аны жана анын курбусун эч себепсиз сабашкан белгисиз кыздарга чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгым 48 000 сомду түзгөн.

Арыз, Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү жарандар аныкталып, райондук тергөө кызматына алынып келинген. Алар, Бишкек шаарынын 16-17 жаштагы тургундары С.Г., А.К., Т.А., Т.П., З.Б. жана К.А. болуп чыгышты. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта кармалган кыздар күнөөсүн толугу менен моюндарына алышкан.

Кармалган шектүү жарандарга карата райондук соттун чечими менен тергөө амалдарын өткөрүү учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Бирок тергөөдө учурунда, шектүүлөр  Т.А., Т.П. жана З.Б. бир нече жолу тергөөгө келүү талаптарын бузгандыктан, тергөө кызматы тарабынан аларга карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч киргизилген. Тергөөнүн өтүнүчү эске алуу менен, райондук сот тарабынан аталган жарандарга карата 1-сентябрга чейинки мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда жана шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.