Талас облусунда «Арсенал» рейди жүрүп жатат


Талас облусунун аймагында ички иштер органдары тарабынан 15-16-август күндөрүндө «Арсенал» шарттуу аталыштагы рейддик иш чара жүрүп жатканын облустук милициядан кабарлашты.

Ага шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бекитилип, иш алып барууда. Рейддин максаты облус аймагында жарандарда мыйзамсыз сакталган, документтери жок же таап алган ок атуучу куралдарды, ок дарыларды жана жардыруучу заттарды аныктоо.

“Аймактарда милиция атайын топторго бөлүнүп, жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ок атуучу куралдары бар жарандарды текшерүүгө алды. Анда ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сактоо шарттары, тийиштүү иш-кагаздарынын толуктугу жана алардын кандайдыр бир кылмыштарга тийиштүүлүгү текшерилүүдө. Рейддин жүрүшүндө Манас районунда жарандар өз ыктыярлары менен куралдарды тапшырууда. Милиция андай өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга иш-кагаздарын мыйзамга ылайыктап, каттоо иштеринде жеңилдик болоорун билдирүүдө. Рейд баардык райондордо жүргүзүлүп жатат. Күнүгө нускамалар берилип, жумушчу топтор жер-жерлерде иштөөдө.

Талас ОИИБи эскертет: кандайдыр бир себеп менен ок атуучу куралдар же ок-дарылар болсо жакынкы милиция бөлүмдөрүнө билдирүү зарыл. Андай учурда жоопкерчиликтен бошотулуп, жеңилдетүүлор болот”, – деп айтылат Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын берген маалыматында.