Таласта эскертүү такталары орнотулду

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин, Талас ШИИБдин жана Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкерлери биргеликте Талас шаарынын кооптуу суу жээктерине, көлмөлөрдө, суу бөлүштүрүүчү жайларда ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында эскертүү тактайларды орнотушту.

“Ошондой эле эскилиги жеткен белгилерди оңдоо иштери жүргүзүлдү. Жарандарга кандай кырдал жарбасын 102 жана 112 кызматына кайрылса болорун эскертишти. Бул иш-чара жыл сайын суу кырсыгын алдын алуу боюнча иш пландар иштелип чыгып Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда”, – деп айтылат облустук милициянын маалыматында.

Белгилей кетсек, жыл башынан тартып Талас облусунун аймагында 7 адамдын сууга чөгүп каза болгон фактысы катталган.

04163193 3956 489c 9b71 d2649c3c080f Таласта эскертүү такталары орнотулду
538d4656 4150 4bb2 8966 b67daa4e94ce Таласта эскертүү такталары орнотулду
318fa772 0a17 4e4f ac02 23a10a045a68 Таласта эскертүү такталары орнотулду