Жаңы «Ак үйдү» куруп жаткан компанияга 25,7 га жер берилет

Бишкектин түштүк тарабында, мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге жаңы «Ак үйдүн» имаратын салып жаткан компанияга 25,7 га жер берилет.

Тиешелүү токтомго 4-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Токтомго ылайык, президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат куруп жаткан «Иншаат строй Билдинг» компаниясына А.Масалиев көчөсү 22 дарегиндеги 18,18 га, А.Токтоналиев 165 дарегиндеги 4,88 га жана А.Токомбаев 1/9 дарегиндеги  2,71 га жер берилет.

Жалпы аянты 25,78 гектарды түзөт. Президенттин иш башкармалыгына аталган жерлердин базар баасын аныктоо тапшырылган. Анын жыйынтыгы менен, эгер, бериле турган жерлердин баасы курулуш иштеринен кымбат болсо, компания ортодогу айырманы кайтарып бериши керек болот. Эгер курулуш иштеринин баасы бериле турган жерлерден кымбат болсо, компанияга ортодогу айырма төлөнөт.