Эрулан Кокулов: “Мага сөз тийип жатат”

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Эрулан Кокулов Министрлер кабинетине кайрылды.

“Биз бул жакка элдин добушу менен келгенбиз. Бизди эл алып келген. Депутаттарды кагып-силкип, сөгүп, ушундай нерселерди токтотуп, ынтымакка келеличи.

Биз дагы уят болуп жатабыз, бизге да сөз тийип жатат. Мага сөз тийип жатат. Бул жакка урушканы келген эмеспиз. Суроолорго так-даана жооп берип, бизди сыйлабасаңар да, ушул имаратты (Ак үй) сыйлап койгулачы”, – деди Кокулов.