Эрулан Кокулов: «Доктур кыргызча сүйлөсө, жакшыраак дарылайбы?»

Эрулан Кокулов кыргыз тил боюнча мыйзам долбоорун популисттик деп атады.

Кокулов Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында өлкө эгемендүүлүк алгандан бери кабыл алынган айрым мыйзамдар иштебей эле жатканын айтты.

«Доктур кыргызча сүйлөсө, жакшыраак дарылайбы?» деген депутат кыргыз тили боюнча мыйзамдын да иштеп кетүүсүндө күмөн бар экенин белгиледи.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мыйзамдын буга чейин иштебей калганына жарандардан тарта чиновниктерге, депутаттарга чейин бардыгы күнөөлүү экенин айтып, жооп берди.