Осмоналиев: латын алфавитине өтүүдөгү бир нече варианттар жасалып жатат

Депутат Эмил Токтошев кыргыз тилин латын алфавитине которууну сунуштады. Бул тууралуу ал 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев бул демилге 1993-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде вице-премьер-министрлер меморандумга кол койгондон бери көтөрүлгөн жок.

«Бирок андан кийин эч кандай саясий чечим кабыл алынган жок. Кыргызстан Борбор Азиядагы кириллицаны колдонгон жападан жалгыз өлкө. Бийлик, анын ичинде мыйзам чыгаруучу орган дагы, өлкө башчы дагы чечим кабыл алса, биздин интеллигенция, илимпоздор латынга өтүүгө даяр эле. Бир нече варианттар жасалып жатат», — деди Осмоналиев.

Талкууда парламент мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.