Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жолугушуусу Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында болуп өттү.


Жолугушууда ички иштер органдарында мамлекеттик тил маселеси, Ички иштер министрлигинин бул багыттагы жетишкендиктери тууралуу баарлашуу жүрдү.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бул багыттагы ишмердиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн аталган Комиссиянын Ардак грамотасы тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.21 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты


Жолугушууда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен ички иштер органдарында мамлекеттик тил маселеси боюнча маектешүү жүргүздү. Бул жолугушууда ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана Мамлекеттик тил күнүнө карата жүргүзүлгөн бир айлыктын жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Андан тышкары, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки жылдардагы мамлекеттик тилдин абалы жана учурдагы көзгө көрүнүктүү көйгөйлөрү талкууланды.

WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.19 1 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты


Иш-чарага аталган комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, маалымат качтысы Кутмырза Жакыбалиев жана Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимовалар жана ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев жана Борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын аягында атайын сыйлык берүү аземи уюштурулуп, меймандарга Ички иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
Коноктор үчүн Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил бөлмөсү, Басма сөз кызматынын заманбап студиясы жана ИИМдин музейи менен тааныштыруу болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.20 1 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты
WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.20 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты
WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.21 1 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты
WhatsApp Image 2022 11 16 at 12.47.22 Каныбек Осмоналиев ИИМде мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү жетишкендиктери менен таанышты