“Мир, труд, май дегендин ордуна, тынчтык, эмчек, май болуп калып жатат”, – депутат

Жарнама берүүчүлөр Тил комиссиясынан уруксат алышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 16-ноябрда депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бүгүнкү жыйында “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жатат.

“Жарнама жөнүндө” мыйзамдын иштөөсү үчүн өкмөт дагы, муниципалитет дагы пайда табыш үчүн, эки нерсени бул мыйзамга кошуу керек. Биринчиден, жарнама берүүчүлөр Тил комиссиясынан уруксат албайт. Алардын текшерүүсүнөн өтпөйт. “Мир, труд, май” дегендин ордуна, “тынчтык, эмчек, май” болуп калып жатат. Эмгек деген сөздүн ордуна “эмчек” деп жазып шерменде болуп жатабыз. Ошондуктан ушул мыйзамга Тил коммисиясынан сөзсүз уруксат алсын деген сунушту экинчи окууда берем. Анткени, Тил комиссиясынан уруксат алмайынча жарнамалар ката бойдон кете берет. 

Экинчиден, буга конкреттүү түрдө жооп бере турган жергиликтүү бийлик болушу керек. Ал өзүнүн аймагындагы жарнамалардын бардыгын көзөмөлгө алуусу кажет. Ал эми жарнама берүүчү жергиликтүү бийликке каражат төлөшү керек”, – деди Түлөбаев.

Депутат аталган мыйзамды биринчи окууда колдоп берээрин билдирип, бирок экинчи окууга алып келээрде жогоруда айткан сунуштарды эске алып, кошуп коюунун суранды.