Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басарынын уулу камактан бошотулду

Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Тилек Тюкебаевдин уулу Баатырбек камактан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Баатырбек Түкебаевдин иши Каракол шаардык сотуна өткөрүлүп, каралып жатканы такталды.

Маалыматка ылайык, учурда сот териштирүүдө күбөлөр суралууда.

Белгилей кетсек, кечээ укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Сапарбек Аргымбаевди камоого буйрук берген Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Тилек Тюкебаев болгон. Окуя учурунда улгайган, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы жулмалап, сүйрөп келип милиция унаага салып кеткен.

Эске салсак, февраль айында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалган. Милициянын улук лейтенанты Баатырбек Тюкебаев жана ОИИБнин тергөөчүсү милициянын капитаны А.К.Т. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн опузалап акча талап кылганы кабарланган.

uulu milisa Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басарынын уулу камактан бошотулду