Альберт Колопов Акыйкатчынын орун басарлыгынан бошотулду

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Альберт Колоповду Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарлыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселени карашты.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Альберт Колоповду Акыйкатчынын орун басары кызматынан бошотушту.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.