Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду

Бишкекте өткөрүлгөн 17 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча балбан Өмүрбек Асан уулу (60 кг) биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ал килем үстүнө 13-июнда чыгып, таймашты чейрек финалдан баштаган. Биринчи беттешинде Өмүрбек Асан уулу 13:4 эсебинде түркмөнстандык балбанды жеңген. Жарым финалда индиялык спортчуну 8:2 эсебинде уткан.

Ал эми алтын үчүн беттеште ирандык балбан Сажад Голамхассанды 2:1 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

353664160 285591090480782 8956929233822014836 n Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду
353730157 285591047147453 9190407348329216383 n Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду
353671361 285591013814123 4303273714075048990 n Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду
353668499 285591177147440 862266391653601693 n Өмүрбек Асан уулу Азия чемпиону болду