Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болду

Акылбек Талантбеков Казакстанда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Талантбеков Индия, Иран, Казакстандын спортчуларын катары менен 3 жеңишке жетишип, алтын медаль тагынды.

Турнир ушул тапта Астанада өтүп жатат.

Финалдык беттеште кыргызстандык Казакстандын өкүлүн жеңип алды.

Бул медаль Кыргызстан үчүн турнирдеги алтынчы медаль болду – 3 алтын жана 3 коло.

Балбан 82 кг чейин салмак ченинде күрөштү.  1/4 финал да Рохит Дахия (Индия) — 7:1 эсеби менен жеңип, 1/2 финалда болсо Алиреза Мохмадипиани (Иран) — 8:0 эсебинде утту. Ал эми финалдык беттеште Диас Кален (Казакстан) — 3:2 эсебинде жеңди.