Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековдун ортосундагы инцидент жабылды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев саясатчы Ахматбек Келдибеков менен болгон түшүнбөстүктөргө чекит коюлганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз: 

“Азыр эле Ахматбек Келдибеков телефон чалды. Саламдашып, ал-акыбал сурашып туруп, “Өмүрбек ака, бир пост жазган экенсиз, элдин баары ызы-чуу болуп жатып калышты. Пост жазаардан мурун сиз мага бир чалып, тактап алсаңыз жакшы болмок экен. Мен чын эле сотто болдум, көрсөтмө бердим. Бирок, сиз жөнүндө тигил же бул нерсени кесе айткан жокмун. Айрым журналисттер деле ашырып жиберишет. Эгерде, мурда ортобузда өйдө-төмөн окуялар, кер-мур айтышкан учурлар болсо, ал өткөн чакта калды. Азыр менин сиз жөнүндө оюм түз” деп айтты.

Ахматтын ука катары өзү звонок кылып, мен жөнүндө жаман айтпагандыгын түшүндүргөн сөздөрү мени ынандырды. Мага андан ашыгынын деле кереги жок эле. Инцидент ушуну менен жабылды”, – деп жазды Текебаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Текебаев Ахматбек Келдибековдун аны Кадыржан Батыровго паспорт бергенге кол койгон деп сотто көрсөтмө бергенин жокко чыгарышын талап кылып билдирүү жасаган.