Тибеттин лидери Далай-лама жосунсуз жоругу үчүн кечирим сурады, – видео

Далай-лама жаш баладан тилин сорууну суранды. Бул кызыктай жана акылга сыйбас көрүнүштүн видеосу интернетке тараганда, руханий лидер кечирим суроого аргасыз болгон.

Бул окуя февраль айында Индиянын Дхарамсала шаарында M3M Foundation фонду уюштурган иш-чарада болгон. Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Далай Ламанын өкүлдөрү ал баладан жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурагысы келгенин айтышкан.

“Ал киши көп учурда эл алдында жана камералардын алдында жолуккан адамдарды башкача тамашага салат”, – деп билдирүү жазылды лидердин Твиттер баракчасында.