Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Башкы прокуратура райондук прокуратуранын тергөөчүсүн пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү кылмыш иши боюнча маселелерди оң жакка чечүүнү убада кылган.

«Бүгүн, 14-июнда саат 09:40 чамасында Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын ыкчам коштоосунда Жалал-Абад областынын Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү А.А. арыз ээсине карата сот өндүрүшүндөгү кылмыш иши боюнча маселелерди оң чечүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндүгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Жогорудагы акча каражаттар А.А.нын автоунаасында табылды», — деп айтылат маалыматта.

IMG 20230614 WA0012 Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
IMG 20230614 WA0017 Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
IMG 20230614 WA0018 Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
IMG 20230614 WA0016 Жалал-Абадда прокуратуранын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды