ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттар тобу Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бир катар объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Саясий партиялардын Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган парламент депутаттары Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрүшөт.

Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барышып, акылдуу шаар системасы менен таанышты.

Анда инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү ж.б программалар көрсөтүлдү.

Андан соң депутаттар жана тараптардын өкүлдөрү Сяоми технопаркына барышып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көрүштү.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде болушту.

130623233424 IMG 20230612 124731 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233647 IMG 20230612 131313 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233543 IMG 20230612 124834 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233954 IMG 20230612 130951 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233849 IMG 20230612 131040 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233228 IMG 20230614 000907 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт
130623233141 IMG 20230614 000803 ЖКнын айрым депутаттары Кытайда иш сапары менен жүрөт