Улукбек Карыбек уулу эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду

Блогер Улукбек Карыбек уулу эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен Улукбек Карыбек уулунун кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Ага карата бөгөт коюу чарасынын башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрү колдонулуп, сот залынан бошотулду.

Эске салсак, 14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулу «бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.