Таласта жол кырсыгынан 4 жүргүнчү каза болду

Таласта жол кырсыгынан 4 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 16-июлунда саат 06:00 чамасында Айтматов районунда, Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 48.800-чакырымында 1994- жылы туулган И.М. аттуу жаран «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаасын батыштан
чыгышты карай башкарып бара жатканда рулга ээ боло албай калган.

Анын кесепетинен унаасы ала салып, жол жээктеги дарактарды сүзгөн.

Натыйжада 4 жүргүнчү каза болуп, айдоочу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.