Ошто куткаруучулар туристке жардам беришти

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ленин чокусуна чыкчу жолдо Чехия мамлекетинен келген  турист бутун кокустатып алып жардам сурап кайрылган. 

Жерине №88 ӨКБдан  4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.