Улукбек Карыбек уулунун соту жабык эшик артында өтүүдө

Бүгүн, 16-июлда блогер Улукбек Карыбек уулунун соту Ош шаардык сотунда болуп жатат. Блогерди прокурор эки ай камакка алуусун өтүндү.

Сот жактоочунун суранганына карабай, соттун ишин түз эфирге чагылдырбай, кароону жабык эшик артында өтүлсүн деген чечим чыгарды.

Карыбек уулун колдогону сотко жүздөй адам келди.

Эске салсак, 10-июлда ИИМдин күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчиликтен жооптуу кызматкери милициянын майору К.Д., Бишкек шаарынын Москва көчөсүнүн дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер К.У. видео тартуу тобу менен чогуу кирип, күзөт кызматынын кызматкеринин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.

Жогорудагы аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.