Депутат: “Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин бир дагы мыйзам долбоорун өткөрбөйт”

“Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин бир дагы мыйзам долбоорун өткөрбөйт”, – деди депутат Балбак Түлөбаев 26-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында.

Ал Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл облусунун эки негизги көйгөйүн чечпей жатканына нааразы болду. Кеп Кажы-Сайдагы калдык сактоочу жана Чолпон-Атадагы тазалоочу жайлар жөнүндө сөз болуп жатат.

“Каттарды карайсыңарбы? Баары чаржайыт. Вице-премьер Эдил Байсалов Жогорку Кеңеш цирк деп айтты. Парламенттин чечимин аткарбайсыңарбы, анда биз өзүбүздүн Конституцияда жазылган укуктарыбызды колдонолу. Эгер бизге ушундай мамиле кылып, каттарыбызга жооп бербесеңер, бир дагы мыйзамыңар өтпөйт. Азыр депутаттар менен кеңешип, бир дагы мыйзамды өткөрбөйбүз. Ушундай кылсак жакшы болобу? Ысык-Көлдө ар бириңердин үйүңөр бар, баарыбыз ошол жакка барабыз. Маселени азыр чечпесеңер, качан чечесиңер?» — деп нааразы болду Түлөбаев аткаминерлерге кайрылып.

Өз кезегинде депутат Жаныбек Кыдыкбаев эгер министрлер кабинети Түлөбаев айткан көйгөйлөрдү сентябрь айына чейин чечип бербесе, кесиптештерине Башкы прокуратурага кайрылууну сунуштады.