Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи гидроагрегатынын оңдоо иштери соңуна чыкты


«Чакан ГЭС» ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында утурумдук жана капиталдык ондоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт.

Бул да болсо суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Жума ичинде «Чакан ГЭС» ААКнын Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга «Чакан ГЭС» ААКнын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релелик коргоо жана автоматика кызматынын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды. Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырышты. Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.
Айтмакчы, аталган гидроэлектростанциясынын экинчи гидроагрегаты да июль айында капиталдык оңдоого чыгарылат.

Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясы- сегиз станциядан турган Аламүдүн ГЭС кыркаларынын экинчи тепкичи болуп саналат. Ал 1945-жылы ишке берилген, анын жалпы кубаттуулугу 2,2 МВтты түзөт, башкача айтканда, ар бир гидроагрегаттын кубатуулугу 1,1 МВт.