Ош-Алай-Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыкта 6 адам каза болду

Ош-Алай-Эркеч-Там унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болду. Каза болгон жарандар Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын тургундары болгонун айыл өкмөт башчысы Бакыт Артыков Turmush басылмасына билдирди.

Маалыматка ылайык, 23- июнда аталган унаа жолдун 93-чакырымында жүк ташыган унаа менен жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен женил унаа талкаланып, ал эми фура Гүлчө дарыясына кулап кеткен.

“Абдан чоң жоготуу болду. Бир үй-бүлөдөн 4 адам, экинчи үй-бүлөдөн чоң ата менен небереси каза болуп калды. Алар кечээ, 25-июнда жерге берилди. Жеңил унаа менен Согонду айылынан Гүлчө айылын көздөй бара жатышкан. Ал эми жүк ташуучу унаа Гүлчөдөн Эркеч-Тамга бара жатып, жеңил унаа менен кагышкан”, – дейт айыл өкмөт башчы.