Балбак Түлөбаев Каныбек Иманалиевге: «Азыр сиз эмес, мен депутатмын, сабыр кылыңыз!»

Бүгүн, 1-мартта парламент жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралууда.

Жыйында Иманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым маселелерди чечүү жолдору тууралуу эл өкүлдөрүнүн сунуштарын угууда. Анда депутат Балбак Түлөбаев Иманалиевге кайрылып, «убагында жасаган кайрылууңуз боюнча Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр эмне деп айтасыз, кайрылып койбойсузбу» деди.

Ага жооп берген Каныбек Иманалиев «бул суроого президент эң жакшы жооп берди» деген пикирин айтты.

YouTube video