Эки жаштагы кызын сабаган келин үй камагына чыкты

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган келин үй камагына чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 1-мартта анын иши Кадамжай райондук сотунда карала баштаган. Кийинки отурум 6-мартка белгиленген.

Учурда аталган келин үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, быйыл январь айынын аягында социалдык тармактарда кичинекей кызын сабап жаткан аялдын видеосу тараган. Аталган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгону аныкталып, милиция тарабынан кылмыш иши козголгон