Астанада кыргызстандыкты боксчу сабаган окуя боюнча ТИМ үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Астанада кыргызстандык жарандын бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов тарабынан сабалышы боюнча үн катты.

Министрлик билдиргендей, 13-июнда Кыргызстандын жараны элчиликке чакырылган.

«Элчи Дастан Дүйшекеев менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын жаранына керектүү консулдук-укуктук жардам берилди. Бүгүнкү күнү аталган окуя боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан бардык керектүү процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын Астана шаарында бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов кыргызстандык жаранды сабаганы тууралуу кабарланган. Окуя 18-июнда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, мушташ алардын балдары чырдаша кеткенден кийин болгон.

Белгилүү болгондой, бул окуяны териштирген участкалык полиция кызматкери ишти жаап койгон. Бирок жабырлануучу тарап окуянын видеосун соцтармактарга чыгаргандан кийин кайра териштирүү башталып, «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ишти жаап койгон кызматкерге карата кызматтык териштирүү башталган.

Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, Бейбут Шуменов колунда бала кармап турган адамдын жанына келип, аны менен бир-эки ооз сөз алмашып, желкеден кармаган. Кыргызстандык аны ары түртүп, столдогу бир буюмду алып, аны урууга аракет кылып, мушташ башталган. Окуянын күбөлөрү аларды ажыратып, полиция келген.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаевдин айтымында, окуя учурунда кичинекей бала жаракат алган эмес. Учурда кыргызстандык жаран мушкердин жоопко тартылышын талап кылып жатканы белгилүү.

Ал эми мушкердин өзү кафеде мушташып кеткен адам Кыргызстандын жараны экенин полиция бөлүмүнөн билгенин айтат. Ал билдиргендей, кыргызстандык жаран столдун үстүндөгү бычакты алып, ага бычак шилтегенден кийин мушташ башталган.

Бейбут Шуменов казакстандык кесипкөй бокчу, жарым оор жана биринчи оор салмак категорияларында рингге чыгып жүргөн. 2016-жылы эки салмак катергорияда тең (WBA super жана WBA regular) дүйнө чемпиону болгон биринчи казакстандык мушкер.