Бишкекте бейтааныш адам кызга кол салды, – видео

Бишкек шаарында чоочун бирөө күндүзү көчөдө кетип бараткан бейтааныш кызга кол салган. Бул тууралуу Бишкектин тургундары социалдык тармактарда айтып беришти.

Ур-токмокко кабылган кыздын айтуусу боюнча, окуя түштөн кийин саат бирлер чамасында Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бир чоочун жигит кыздын артынан ага жакындап, эч нерсе айтпай туруп согуп, андан кийин качып кетүүгө аракет кылды.

Кыз аны кармап алып, аны уруп-сабоого кандай укугу бар экенин сураган. Жооп катары жигит аны курсакка тээп, сабай баштаган. Кыз жерге жыгылып кеткен. Кызды ур-токмокко алган адамды өтүп бараткан киши чоочулантып, ал белгисиз тарапка качып кутулган.

Учурда жабырлануучу милицияга арыз жазды.

image 18 9 Бишкекте бейтааныш адам кызга кол салды, - видео