Баткенде милиция кызматкерлери каналга агып бара жаткан аялды куткарып калышты

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис бүгүн саат 10:00 чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда, Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан.

Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга секирип киришип, аялды куткарып калышкан. Андан соң куткарылган аялды ооруканага алып кетишкен.

Куткарылган аялдын учурда абалы жакшы.

61073453 79ce 4299 88b9 f1528e4a728a Баткенде милиция кызматкерлери каналга агып бара жаткан аялды куткарып калышты