«Бахчай» кафеси курчоого алынды

Бишкектеги “Бахчай” кафесинин аймагы курчоого алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда Бишкектин Саякбай Каралаев көчөсүндөгү «Бахчай» кафесинин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Кафенин кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды»,-деп билдиришти милициядан.

Жеринде тиешелүү органдар иштеп жатат.